Детали курса

Course thumbnail
Этот курс включает:
Продолжительность
00:00
Уроков
5
Теги
Язык
Кыргыз
Просмотры
1496
Сертификат
Да
-
Бесплатно
Записаться на курс
(1) Рейтинг

1-модуль: Мектептеги тамактануу боюнча ченемдик-укуктук актылар (ЧУА) менен иштөө

Модулдун сыпаттамасы Биринчи модулда Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамактануу жаатын ченемдик-укуктук жөнгө салууну карап чыгуу сунушталат. Ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү билим окуучулардын тамактануусуна жооптуу РайБББ/Шаардык БББ жана мектептердин кызматкерлерине мыйзамдардын, буйруктардын жана токтомдор жыйымына ишенимдүү багыт алууга жардам берет.

Обзор курса

Окуунун жыйынтыктары:

  • Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамактанууну жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын системасын түшүнүү;
  • ЧУАнын иерархиясын жана конкреттүү кырдаалда кайсы документти колдонуу керектигин аныктай билүү; 
  • Окуучулардын тамактануусун уюштурууда жана аны каржылоодо укук колдонуу практикасын түшүнүү;
  • Мектептеги тамактанууну каржылоо булактарынын тизмеси жана мыйзамдык деңгээлде бекитилген чектөөлөр;
  • Мектептин ашканасы үчүн тамак-аш азыктарына мамлекеттик сатып алууларды туура уюштура билүү;
  • Мыйзамсыз ата-энелерден акча чогултууну байкай жана анын алдын ала билүү;
  • Мектептеги тамактанууну уюштуруу чөйрөсүндөгү башкаруу чечимдерин ЧУАга таянуу менен жүйөлүү негиздей алуу көндүмдөрү;
  • Текшерүүлөр, даттануулар жана чыр-чатактуу кырдаалдар учурундагы аракеттердин алгоритмдерин билүү. 

Максаттуу аудитория
Биринчи модуль Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы тамактанууну уюштурууга жооптуу директорлорго жана жооптуу кызматкерлерге, РайБББ/Шаардык БББ адистерине арналган жана мектептерде тамактануу системасын өркүндөтүүгө, окуучулардын тамактануусун уюштуруунун сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга, ченемдик-укуктук жөнгө салуу жаатындагы билимдерди системалаштырууга жана кесиптик ишмердүүлүктөгү укуктук тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Мазмуну:

1-сабак. Мектептик тамактануу чөйрөсүн кайсы ЧУАлар жөнгө салат.

2-сабак. ЧУАлардын иерархиясы.

3-сабак. ЧУАлардын жаңылануусу.

4-сабак. Окуучулардын тамактануусун каржылоо тартиби. 

5-сабак. Финалдык тест.

Учебный план курса

5-сабак. Финалдык тест
1 Урок

Отзывы о курсе

5.00

Из 1 Рейтинг

1 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг
0 Рейтинг

Комментарии

  • Student profile image
    БусайраКалбутаева
    2026-09-13

    Бул курсту түшүнүү менен окудум,жана көп маалыматтарды алдым.Чоң ыраазычылык билдирем!Мен 2013-2018.жчейин директор болуп иштеп,бул боюнча маалыматым бар эле.Окуу бөлүм башчысы да болуп иштегемюКурсттар өтө кызыктуу,тесттердин баарын жогорку деңгээлде аткардым.Бирок сертикатка төлөм жүргүздеп келбеди.Билбейм кайсы жерден түшүнбөстүк болду!Адистигим боюнча башталгыч класстардын мугалими болом.Эки курсту 100 прцент аткарып,сертификатка төлөм жүргүздүм.сертификат келе элек.Эки сертификат алдым,шугур!Мага мотиватция болду!Ыракмат сиздерге!иштериңиздерге ийгилик!

Похожие курсы